Келечек муун үчүн — «Жашыл Мурас»

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан 2022-жылдын 12-мартында башталган «Жашыл Мурас» Улуттук өнөктүгүн ишке ашыруунун жана ошондой эле Эл аралык тоолорду туруктуу өнүктүрүү жылынын жана Тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылынын алкагында, 2022-жылдын 14-октябрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова Ысык-Көл облусунундагы «Каракол» мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагында күзгү кѳчѳт отургузуу иш-чарасына катышты.
Иш-чарага Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары У. Далилов, Ак-Суу районунун акиминин орун басары М. Дорбаев, К. Тыныстанов атындагы мамлекеттик университетинин экология факультетинин деканы К. Өскөнбаева, студенттер, ыктыярчылар, активисттер жана Каракол шаарынын тургундары катышты.
Күзгү отургузуунун алкагында беш миңге жакын Тянь-Шань карагайын 500 катышуучу отургузду. Министр Динара Кутманова өз сөзүндө быйылкы жылы республиканын аймагындагы токой аянттарын кеңейтүү боюнча бардык иштер жогорудагы программаны ишке ашырууга багытталганын белгиледи.
«Жашыл Мурас» өнөктүгүнүн алкагында республика боюнча 4 199,15 гектар аянтка 5 393 159 түп көчөт отургузулду. Министрликтин аймактык башкармалыктары 2022-жылдын жазгы айдоо иштерине карата көчөттөрдү инвентаризациялоонун үстүндө иштеп жатат.







