Коом

Баткен районунда милициянын жаш достору окуучулардын коопсуздугун көзөмөлдөөдө

Баткен РИИБдин балдар менен иштөө инспекторлору менен бирге Бүжүм айылындагы Ш.Токсонов атындагы орто мектебинин окуучуларынан түзүлгөн милициянын жаш достору окуучулардын коопсуздугун көзөмөлдөөдө. Алар окуучуларга жолдо жүрүүдө эрежелерди сактоо керектигин эскертишип, укук бузууларга, кылмыштуулукка жол бербөө, уруулукту алдын алуу, майда бейбаштыкка барбоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Милиция кызматкерлеринин бул демилгеси окуучуларды үлгүлүү болууга, жоопкерчиликти ала билип, окууларына активдүү катышууга өбөлгө түзүүдө.
2022-жылы Бүжүм айылында жашы жете электер тарабынан жасалган 4 кылмыш катталып, баарынын бети ачылган

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button