Коом

18-сентябрга карата аба ырайы

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 18-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда катуу жаан-чачын жаашы күтүлөт.

Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк бөлүгүндө, Талас облусунун айрым райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусу  түнкүсүн +6…+11,  күндүз +17…+22

Талас облусу түнкүсүн  +2…+7, күндүз +15…+20

Баткен облусу түнкүсүн +9…+14 күндүз,  +20…+25

Ош, Жалал-Абад облустары түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25

Ысык-Көл облусу түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23

Нарын облусу түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11°, күндүз +18…+20 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10°, күндүз +18…+20 градус болот.

Тектеш кабарлар

Back to top button