Окуялар

Өзгөндөгү 14 жаштагы баланын өлүмү боюнча тергөө иштерин башталды

2022-жылдын 16-октябрь күнү  саат 13:35 чамасында Өзгөн райондук Ички иштер бөлүмүнө Куршаб аймактык ооруканасынан кабар келип түшкөн. Анда:  Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагыны тургуну 14 жаштагы И.К., денесинен жараат алып кайрылгандыгы тууралуу билдирген.

Аталган факты Өзгөн РИИБдин  кылмыштардын бирдиктүү реестрине  катталып, алгачкы териштирүү иштери башталган.

Өзгөн РИИБдин ыкчам тергөө тобу алынган ыкчам маалыматтарга ылайык, 2022-жылдын 16-октябрында саат болжол менен 10:00 чамасында Өзгөн районунун Киров айылынын кире бериш жериндеги арканын жанындагы бийик жардын түбүнөн жараат алган абалда табылгандыгын аныкталган.

Алган жараатынан улам Ош облустук ооруканасына жеткирилип, 2022-жылдын 17-октябрь күнү ооруканада өзүнө келбей каза болгон. Эмне себептен каза болгондугун аныктоо максатында маркумдун денеси соттук- медициналык экспертизага жөнөтүлгөн. Мындан сырткары текшерүү иштеринин жүршүндө 2022-жылдын 15-октябрынан 16-октябрына караган түнү Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Киров айылындагы мектебинин 9-10-класстарынын окуучулары менен ошол эле айылга кошуна болгон Шагым айылындагы мектебинин 9-10 класстары ортосунда пикир-келишпестиктерден улам, топтолушуп мушташышып, Киров айылынын балдары мушташ болгон жерден качып бара жатып жабырлануучу бийиктиктен түшүп кеткендиги аныкталган.Учурда күбөлөр суралып, иликтөө иштери  улантылууда, — деп билдирди Ош ОИИБдин басма сөз кызматы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button