Жыл башынан бери Кыргызстанга түз чет өлкөлүк инвестициялардын агымы 95,4% га өстү

Кыргызстанга 2021-жылдын биринчи жарымында түз чет өлкөлүк инвестициялардын агымы 95,4% га өсүп, 321,3 млн долларды түздү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР инвестициялар министринин орун басары Нурадил Баясов билдирди.
Анын айтымында, анын ичинен:
— профессионалдык ишмердүүлүк — 35,4%;
— Өндүрүш өнөр жайы — 35,4%;
— пайдалуу кендерди казуу — 22,5%;
— кайра иштетүүчү өнөр жайы — 19,3%.
«Өз кезегинде 2020-жылы түз чет өлкөлүк инвестициянын агымы 537,5 млн долларды түзүп, COVID-19 пандемиясына байланыштуу 50,1%га түшкөн»,-деди ал.
Инвестициялар министринин орун басары төмөндөгудөй иштер жүргүзүлүп жатканын кошумчалады:
— соода-өнөр жай палатасын реформалоо;
— эркин экономикалык аймагынын концепциясы кайра каралууда;
— «Инвестициялык талаштарды сотко чейинки жөнгө салуу боюнча» токтому боюнча долбоор иштелип чыгып, макулдашылууда;
— Инвестициялык долбоорлорду экспертизалоо жана даярдоо институтун түзүү боюнча токтомдун долбоору иштелип чыкты жана макулдашылып жатат;
— инвестиция чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын өз ара аракеттери боюнча токтом долбоору иштелип чыгып, макулдашылууда;
— КРда инвестициялар тууралуу мыйзамдын жаңы редакциясы иштелип чыгууда.



