Окуялар

Чек ара кызматы: Куралга этиятсыз мамиле кылуудан улам аскер башынан жаракат алды

«Чалдыбар-унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пунктунун келишимдик аскер кызматкери 2001-жылы туулган Ж.А. башынан ок тийип, жаракат алган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсык куралга этиятсыз мамиле кылуунун кесепетинен болгон.

Аскер кызматкери Кара-Балта шаарындагы аймактык ооруканага жеткирилген.

«Анын ден соолугу оор деп бааланып, комада жатат. Бул факты боюнча тиешелүү түзүмдөр кабарланды. Окуя болгон жерде Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасынын өкүлдөрү иштеп жатат», -деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button