Пайдалуу кеңештер

ӨКМ муз үстүндө жүрүүнүн кооптуулугун эскертти

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көлмөдөгү тоңгон муз үстүндөгү коопсуздук эрежелерин так сактоону суранып, аларды тизмектеп берди.Муздун үстүнө кар жааганда, туман түшкөндө жана караңгыда чыкпоо кырсыктын алдын алат.

ӨКМ төмөнкүлөрдү эскертти:

көлмөнүн үстүнө тоңгон музга эч качан жалгыз барбаңыз, канчалык калыңдыкта тоңгонун текшерүү үчүн тепкилебеш керек;кар астындагы музда сизге көрүнбөгөн жаракалар, тешиктер болот. Атүгүл эшиктеги сууктун күчү катуу болгон учурда да тоңгон муз жука болуп, ал жарылып кетиши толук мүмкүн;калыңдыгы 5 сантиметр муз чоң кишини көтөрө албайт;калыңдыгы 10 сантиметр болгон муздун үстүндө балык уулоого болот, бирок муз үстүндө басууга болбойт;калыңдыгы 12 сантиметр музда кар унаасы (снегоход), 20-30 сантиметр музда жеңил машина, 30-38 сантиметр болуп тоңгон музда жүк ташуучу автоунаа жүрө алат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button