Коом

Кыргызстандын ички карызы быйыл 12 млрд. сомго көбөйүп, рекорд жаратты

Финансы министрлигинин соңку маалыматы боюнча (авусттун аягы), Кыргызстандын ички мамлекеттик карызы 83,9 миллиард сомго жетти.

Ачык булактарга таянсак, бул — өлкө тарыхындагы рекорддук көлөм.

Ички карыздын дээрлик баары мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруунун эсебинен түзүлгөн. Алар бюджетти толтурат, ал эми сатып алуучулар (финансылык мекемелер, жарандар — банк аркылуу гана) дивидендден пайда көрүшөт.

Быйылкыга карата ички мамлекеттик карыздын суммасы (2021-жылдын аягына карата маалымат ачык булакта жок):

январь — 71 миллиард 833,5 миллион сом;

февраль — 72 миллиард 823,2 миллион;

март — 72 миллиард 887,1 миллион;

апрель — 73 миллиард 989,3 миллион;

май — 74 миллиард 338,2 миллион;

июнь — 82 миллиард 175,1 миллион;

июль — 83 миллиард 249,8 миллион;

август — 83 миллиард 913,1 миллион.

Мындан жыл башынан бери ички бересе 12 миллиард 79,6 миллион сомго, ал эми жарым жылда 11 миллиардга көбөйгөнүн байкоого болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button