ДүйнөКоом

Новосибирсктеги курулушта 20 жаштагы мекендешибиз каза болду

Новосибирск шаарында 20 жаштагы кыргызстандык курулушта 13-кабаттан кулап каза болду. 

Маркумдун үй-бүлөсү курулушта коопсуздук чаралары сакталган эмес деп эсептейт. Курулуш компаниясынын өкүлдөрү ишти жаап-жашырууга аракет кылууда. «Прорабдар ишти жапкысы келип, бизге акча сунушташат. Кайда барсак болот?» — деп жазган маркумдун тууганы басылманын астындагы комментарийлерге.

«Вести Новосибирск» басылмасынын маалыматы боюнча, Тергөө комитети окуя боюнча иликтөөнү баштады, анын жыйынтыгында процессуалдык чечим чыгарылат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button