Коом

Ысык-Көлдүн Михайловка айылында жаңы бала бакчанын курулушу башталды

Бүгүн, 28-октябрда Ысык-Көл облусунун башчысы Илияз Иманбетов Түп районунун Михайловка айылындагы жаңы бала бакча имаратынын курулушуна капсула салды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, бала бакча 100 орунга ылайыкталып, 2 кабаттуу болот. Бала бакчанын курулушу республикалык бюджеттен каржыланууда.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курулушу аяктаса, 25 кызматкер иш менен камсыз болот. Курулуш иштерин болжол менен 2023-жылдын жай айларында бүткөрүү пландалууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button