Коом

Россияда жарым-жартылай мобилизация аяктады

Россияда жарым-жартылай мобилизация соңуна чыкты. Бул тууралуу өлкөнүн коргоо министри Сергей Шойгу президент Владимир Путинге маалымат берип жатып айткан.

«Түрдүү тепкичтеги аткаруу бийлик органдарынан 1300дөн ашык өкүл, 27 миңден ашык ишкер, 13 миң жаран чакырууну күтпөй, өз ыктыяры менен аскердик катарга кошуларын билдирди. Алар аскердик бөлүктөргө жөнөтүлдү. Мобилизацияга алынгандардын орточо жаш курагы 35 жаш», — деди Шойгу.

Анын айтымында, учурда 218 миң адам аскердик даярдыктан өтүүдө. Ал эми 82 миң адам даярдыктан өтүп, Украинадагы атайын операция өткөн аймактарга жөнөтүлгөн. Алардын ичинен 41 миңи аскердик бөлүктөрдүн курамында турат. Күжүрмөн аскердик аракеттерге катышкандар ардагер макамын алып, ага ылайык тиешелүү социалдык жеңилдиктер каралат.

«Мобилизацияга чакырылгандарды аскердик бөлүктөргө жөнөтүү бүгүн аяктады. Жарандарга билдирүү жеткирилип бүттү. Сиз тараптан коюлган 300 миң жаранды мобилизациялоо тапшырмасы аткарылды. Кошумча эч кандай тапшырмалар пландалган жок», — деп кошумчалады Шойгу.

Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жүрүп жаткан учурда Куралдуу күчтөрдүн катарына кошулган жарандарга ыраазычылыгын билдирди.

«Мен аларга өз милдеттерин так аткаргандыгы, мекенчилдиги, өлкөнү коргоого ынтызарлыгы үчүн рахмат айткым келет. Мекенди коргоо — Россияны коргоо, демек, өз үйүн, үй-бүлөсүн, биздин жарандарды коргоо», — деген Путин Шойгудан ыраазычылыгын аскердик бөлүктөргө жеткирип коюуну өтүндү

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button