Коом

ИИМ: Интернетти ылдамдатуучу шектүү файлдарды орнотпоңуз

Ички иштер министрлиги жарандарды спутниктик интернетке акысыз туташтыруу убадасын берген шектүү билдирүүлөрдөн сак болууга чакырды.

Ведомствонун маалыматына караганда, алдамчылар WhatsApp аркылуу акысыз интернетке туташтыруу жана анын ылдамдыгын жогорулатуу тууралуу жалган билдирүүлөрдү таратып, зыяндуу файлдарды жөнөтүшүүдө.

«Мындай файлдарды орнотуу жеке маалыматтардын уурдалышына, банктык тиркемелерге жана аккаунттарга уруксатсыз кирүүгө алып келиши мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

ИИМ жарандарды белгисиз адамдар жөнөткөн файлдарды орнотпоого, шектүү шилтемелерге кирбөөгө жана жаңы кызматтар тууралуу маалыматты расмий булактардан гана текшерүүгө чакырат.

Тектеш кабарлар

Back to top button