Депутат Салтанат Аманова Кыргызстандагы бардык порносайттарды жабууну сунуштады

Жогорку Кеңештин 28-октябрдагы жыйынында депутат Салтанат Аманова Кыргызстандагы бардык порносайттарды толук жабуу керектигин билдирди. Бул тууралуу ал Кылмыш-жаза, Жазык-процесстик кодекстерге жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү талкуулоо учурунда айтты.
Анын айтымында, өнүккөн өлкөлөрдө мындай сайттарга тыюу салынган. Ошондой эле ата-энелер балдарына керектүү тиркемелерди көзөмөлдөп, мыйзам бузгандарга айып пул салынып, кылмыш иштери козголот.
«Биз буга качан жетебиз? Жабыңыздар. Кимге керек болсо, сатып алсын», — деди депутат.
Санариптештирүү боюнча эксперт Марат Торобеков мыйзам долбоорунда Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренесине, башкача айтканда, «Баланы порнобизнеске тартуу» беренесине телекоммуникациялык тармактарды колдонуу менен порнографиялык материалдарды таратууга байланыштуу норма киргизилип жатканын түшүндүрдү.
Бирок Аманова бул өзгөртүүдө порносайттарды толугу менен жабуу каралбаганын белгиледи.
«Убактысы келди. Мындай сайттар жашы жете электерге терс таасирин тийгизет. Коркпогула, өзгөртүүлөрдү даярдагыла, биз карап чыгабыз», — деп кошумчалады ал.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын март айында Министрлер кабинети Кыргызстандагы интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү контентти камтыган сайттардын же алардын баракчаларынын ишин токтотуу жана чектөө тартибин бекиткен.
Ага ылайык, интернет-провайдерлер, хостинг-провайдерлер жана сайт ээлери тиешелүү чечимди алгандан кийин 24 сааттан кечиктирбестен аны аткарууга же аныкталган мыйзам бузууларды жоюуга милдеттүү. Эгерде сайттын ишин токтотуу боюнча чечим эки ай ичинде даттанылбаса, анын ишин кайра жандандырууга жол берилбейт.



