Коом
Роза Айтматова акыркы сапарга узатылды

Бишкектеги Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Төрөкул Айтматовдун кызы, кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду.
Маркум менен коштошууга коомдук ишмерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары, мурдагы мамлекеттик кызматкерлер жана борбор калаанын тургундары келишти. Арасында мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, вице-спикер Жылдыз Таалайбек кызы, экс-президент Роза Отунбаева жана башка белгилүү инсандар болду.
Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, физика-математика илимдеринин кандидаты жана коомдук ишмер 26-ноябрда 89 жашында дүйнө салган.
Маркумдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.



