Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берди

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.
Арыздарды кабыл алуу 12-ноябрда аяктап, андан соң талапкерлерди каттоо башталат.
Жапыкеев президенттикке ат салышуу ниетин расмий билдирген үчүнчү адам. Буга чейин Аймен Касенов менен Азамат Эсенбеков да шайлоого катышуу ниетин билдиришкен.
49 жаштагы Сыймык Жапыкеев Балыкчы шаарында төрөлгөн. 2000-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган.
Эмгек жолун прокуратура органдарында баштап, ар кайсы райондордо тергөөчү жана прокурор болуп иштеген. 2020-жылдын октябрында Финполдун төрагасы болуп дайындалган. Кызмат 2021-жылы жоюлгандан кийин ага финансы полициясынын генерал-майору наамы ыйгарылган. Ошол эле жылдын март айынын аягында Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалып, бир айдан соң кызматтан кеткен.



