Гүлнара Калдарова: «Өзүнө тартып турган сахнанын сыйкыр күчү бар”

Көргөндүн көөнүн шай кылып, колуна кандай иш тийбесин баарын заматта жайгарып, үйдө мыкты кожойке, эл алдында мыкты ырчы Гүлнара Калдарова бүгункү маектешим. Ал турмушка чыкканы айтылуу Кыз-Бурак тобунан кеткен. Ортодон көп убакыт сахнага чыкпай чыгармачылыкты үй-бүлө деген кичи мамлекетке алмаштырган. Бирок, жүрөгү музыка деп каккан ырчы кайрадан сахнага кайткан. Сырткы дүйнөсүнө ички дүйнөсү төп келген ырчы айым жана маданияттын мыкты кызматкерин сөзгө тарттык
Өзүмдүн балачагымды кызымдан көрөм
1977-жылы Ош шаарында жарык дүйнөгө келгем. Атам ыраматылык орган кызматкери эле. Апам абдан түшүнүктүү, акылы терең аялзаты. Ош шаарындагы Ю. Гагарин атындагы орто мектепте окудум. 3-классымдан тартып эле атам мени ээрчитип музыкалык мектепке алып бара баштаган. Кенедейимден ырчы болом деген аруу максат менен чоңойдум. Кичинемде шок жана көк бет, айтканымдан кайтпаган, азыркыдай эле каткырып, үнүмдүн болушунча шаңкылдап күлгөн кыз болгонумду апам айтып калат. Каалаган нерсемди кылмайынча жаным тынчу эмес экен. Азыр өзүмдүн кызым ошондой, айтканын аткартмайынча жаны жай албайт. Кызымды карап отуруп өзүмдүн балалык күндөрүм эске түшөт. “Кызың сенин мүнөзүңдү жада калса күлгөнү да сени жазбай тарткан”, -деп апам да көп айтат.
Биздин үйдү акмалап жүрө берчү кичинекей жигит Темир Назаров күйөө балам
Мен 7 бир тууганмын, 6 кыз, 1 уул. Менден кийин биздин жалгыз инибиз келген. Бир туугандарым менен сыймыктанам жана үй-бүлөдө көп бир тууган экенибизге абдан кубанам. Кайгырсаң да, кубансаң да жаныңда болуп жөлөк болгон бир тууган экени шексиз. Мен Кыз-Буракта ырдап жүргөн кездерде биздин үйдүн алдында эле бир кичинекей 5-6-класстарда окуган кичинекей жигит тура берээр эле. Кирип бара жатсам деле, чыгып бара жатсам деле “Саламатсызбы?”,-деп жылмайып учураша берчү. Кээде колуна гүл кармап алчу. Бул ким болду экен?, — деп жылмайып өтүп кетээр элем. Көрсө, аны кийин билдим. Ал жигит азыркы ырчы Темир Назаров экен. Ал менин кичүү сиңдиме ашык болуп, сабагына узатып барып, келип жүргөн жигит экенин кийинчерэк билдим. Анан эжеликке салып сиңдимди “экинчи ал балага жолобо, эшиктин алдында турганын көрбөйүн”,- деп урушуп салдым. Ошону мененэле тынчып калышкан. Анан Кыз-Бурак менен ырдап жүрүп, катардагы гастролдон келсем эле сиңдиме кенедейинен кайтарып жүргөн жигит сөйкө салып кеткенин айтышты. Ошондо апама аябай капа болуп “Мен турмушка чыккыча коё турсаңар эмне болот. Эжеси турса сиңдисине сөйкө салып кеткени уят эмеспи”, — деп бир топ сүйлөнгөм(күлүп).
Орусиядан гастролдон кайтып келип, эртеси турмушка чыгып кеттим

Жолдошум Мырзабек менен таанышып калуума бир тууган эжем себепкер болгон. Эжем менен сүйлөшүп отуруп “Сиз мага жактыңыз, абдан жакшы адам экенсиз бойдок сиңдилериңизден барбы”, — деп сурайт. Эжем дароо эле менин номеримди бериптир. Ал кезде оюмдун баары Кыз-Бурак, чыгармачылык болгондуктан көчөгө чыгып жигит менен таанышуу тууралуу ойлонбоптурмун деле. Анын үстүнө менин бойдок мезгилим топтун абдан атактуу болуп турган учуруна туш келгендиктен көчөдөн жигиттер менен таанышмак мындай турсун кенен-кесир баса алчу эмеспиз. Ошентип жүрүп 28ге чыкканымды өзүмдү деле байкабай жүрө берсем, эжем менин келечегимди ойлоп, номеримди берген окшойт, — деп азыр күлүп калам. Бир күнү эле бир жигит чалып калды. Телефон номериңди эжеңден алдым дегенде айла жок сүйлөшүүгө туура келди. Ошентип, ал мага чалып, башында жөн гана дос катары сүйлөшүп жүрдүк. Акырындык менен менин жүрөгүмө жол таап, көңүлүмдү жылыта баштады. Ошондой күндөрдүн биринде Кыргызстанды толук 1 ай кыдырдык да андан ары Орусияга да 1 айга гастролго жөнөп кеттик. Ал убакта азыркыдай телефон жакшы өнүгө элек болчу. Бир күнү эле үйгө чалсам “Сага куда түшүп келип кетишти, той болоор күн белгиленди”, — дешти. Мынга сага шок болгонду көрүп ал. Мен мынчалык тез болуп кетет деп күткөн эмесмин. Чындыгында мен үчүн күтүүсүз болду. Ошентип Орусиядан Бишкекке келдик да дагы жумуштар менен 1,2 күн кармалып калдык. Шашкан боюнча Ошко барып эле 1 күндө чала-була даярданып эртеси күнү тоюбуз болду. “Бүгүн Ошко келип, эртең турмушка чыккам”, — деп эстеп, күлүп калабыз.
Турмушка чыккан соң ырчылыкты биротоло таштайм деп ойлогом
Кыз-Буракта 10жыл иштедим. Ар бир күнүбүз иш менен той-концерт же гастроль деп дөңгөлөк үстүндө өтөөр эле. Биз айлап-жылдап гастролдоп кетчүбүз. Ошондой тынымы жок жашоодон аябай чарчаган окшоймун. Турмушка чыгып,бир аз тыным алып, үйдө отуруп тынч жашоонун даамын сезген соң мен таптакыр ырдабайм деп өзүмчө чечим кабыл алганмын. Жолдошум эч качан каршы болгон эмес. Экөөбүз ээрчишип тойлорго барып калсак баары эле жолдошумду кармап алып “Ай сен Гүлнаранын жолдошу турбайсыңбы, эмнеге ырдатпай койдуң”,-деп эле эзе беришчү. Менин ырдабай калганыма ал өзүн күнөөлүү сезип жүрдү. Бирок чындыгында баары башкача эле. Ал тескерисинче мага колдоо көрсөтчү. Бир күнү келип эле “Сен ырдабасаң болбойт, көрсө сенин күйөрмандарың көп турбайбы. Баары эле мени күнөөлөп жатышат”, — деп күлдү. Арадан убакыт өтүп өзүм дагы сахнаны сагынып калыптырмын, ошентип кайрадан чыгармачылыкка кайтып келдим. Чыгармачылыкка бир аралашкан киши андан биротоло кете албасын түшүндүм. Сахнанын сыйкыр күчү бар экенине толук ынандым.
Жолдошум орган кызматкери болгондуктан менден тазалыкты жана тактыкты талап кылат
Жолдошум башында аскер кызматында иштеп жүрүп кийинчерээк БАЖЫ тармагына которулуп кетти. Баарын тарс-турс бетке айтып, ичине сыр сактабайт. Кээде, ай ичиңе бир нерсени сактап койчу деги, — десем деле болбойт. Бирөөдөн бир нерсе жашыруу дегенди билбеген жан. Орган кызматкери болгондуктан тактыкты жана тазалыкты катуу баалайт жана менден да ошол нерселерди талап кылат. Мен дагы ал нерселерди жолдошума айттырбай аткарганга аракет жасайм. Деги эле аялзатына таандык жумуштарды аткаруу кажет деген принципти карманат. Мен концерттен эрте келемби, кеч келемби өзүмө тиешелүү үй жумуштарын аткарып, үйдүн ичин зымылдатмайынча уктабайм. Атам да орган кызматкери болгондуктан мен кичинекейимден эле мындай тартипке көнүп, атамдын формаларын үтүктөп чоңойгом. Анын үстүнө Кыз-Буракта жүрүп Гүлшайыр эженин темирдей бекем тартибин алгандыктан бул нерселер мага кыйынчылык деле туудурган жок. Бул жагынан жолдошума оңой болду. Жолдошум романтик эмес. А мен бардык аялзатындай эле романтика, гүлдү жакшы көрөм. Анымды кээде эске алып гүл тартуулап калат. Бир жолу экөөбүздүн үйлөнгөн күнүбүзгө карата курьерден атайын букет менен кооз белек берип жибериптир. Коңгуроо басылганынан эшикти ачсам эле сизге белек берип жиберишти дейт. Кимден болду экен деп таң калып ичин ачып карасам жолдошумдан экен. Чындыгында бул нерсе мен үчүн өтө жагымдуу болуп, жан дүйнөмдүн кылдарын чертилип, жүрөгүм ырдаган. Жолдошум жумушуна байланыштуу Ошко которулгандыктан азыр биз 1 күн Ошто болсок, 1 күн Бишкекте болуп саякаттап жүрөбүз.
Аялзатынын бактысы эне болуп наристе жытын искөө
Чынын айтсам мен үчүн аялдык бакыт эң биринчи орунда турат. Ошол себептүү да кызымды бала багуучуга бербей өзүм багып чоңойттум. Кызым Аяна азыр 4 жарым жашта, бала бакчага барат. Кээде гана чоң апасы, таенесине таштабасам көпчүлүк учурда өзүм карайм. Акыркы убакта “Апа мага ляля алып келчи”, — деп жок дегенде күнүнө 3-4 ирет эскертчү болду. Буйруса, кызымды инилүү кылсак деп аруу тилек кылдык. Кандай учур болсо дагы, чыгармачылыкты таштабай аны дагы да өстүрө бермекчимин. Мен ырчылыкка мурункудан да аяр мамиле кылып, ардактап калдым.
Диана Айдарова
(Өздүк архивден)



