КоомОкуялар

Талас облустук милициясынын убактылуу кармоочу жайында 28 жаштагы жигит асынып алды

Талас облустук милициясынын убактылуу кармоочу жайында 28 жаштагы жигит асынып каза болду.

Облустук милициянын маалымат кызматы билдиргендей, 31-октябрь күнү саат 13:30дар чамасында Кылмыш-жаза кодексинин 37, 122-беренелери менен шектелип кармалган 28 жаштагы Р.У. аттуу жигит кийип жүргөн футболкасына асынып алган.

“Нөөмөттө турган кызматкер анын өмүрүн сактап калууга үлгүрбөй калган”, — деп айтылат маалыматта.

Милициянын ыкчам тергөө тобу, медицина кызматы жана прокуратура органдары жеринде текшерүү иштерин жүргүзүштү. Аталган факты маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү жана кызматтык иликтөө иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button