Коом

Бишкек шаардык соту Ташовдун ишин биринчи инстанцияга кайтарды

Бишкек шаардык соту ишкер Имамидин Ташовдун ишин биринчи инстанцияга кайтарды. Бул тууралуу аталган соттон кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, иш Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү. Анткени материалдарда айыпталуучунун былтыр 30-декабрдагы апелляциялык даттануусу жана өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүчү жок болгондуктан, жол-жоболоштуруу үчүн иш биринчи инстанцияга кайтарылган.

Аталган даттануу жана өтүнүч Биринчи май райондук сотунун кеңсесине келип түшкөнү менен кылмыш ишинин материалдарына тиркелбей калган.

Эскерте кетсек, 2024-жылы KG Group компаниясынын башчысы Имамидин Ташов бийликти күч менен басып алууга даярдык көрдү деген шек менен камакка алынган.

Өткөн жылы Биринчи май райондук соту мүлкүн конфискациялоо менен 9 жылга эркинен ажыраткан.

Тектеш кабарлар

Back to top button