Коом

Алайда жаңы бала бакча ишке берилди

Ош облусунун Алай районундагы Осоавихим айылында жаңы бала бакча ишке берилди.

Бакчанын ачылыш аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зияидин Жамалдинов катышты.

Бала бакчанын курулушуна республикалык бюджеттен 23 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 90 балага ылайыкташтырылып, ички эмерек, шаймандары жаңыланып, заманбап жабдуулар коюлган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button