Саясат

Самарканддагы саммиттин жыйынтыгында кол коюлган документтер. ТИЗМЕ

Самарканд шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын IX саммитинин жыйынтыгында бир нече документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Уюмга мүчө мамлекеттердин — Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан республикаларынын башчылары төмөнкү документтерге кол коюшкан:

Түрк мамлекеттер уюмунун IX саммитинин Самарканд декларациясы;

«Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын кеңешин түзүү боюнча Нахичевань макулдашуусуна» өзгөртүү киргизүү жөнүндө протокол;

«Түрк мамлекеттер уюмунун процедуралар эрежеси» жөнүндө чечим;

«Түрк мамлекеттер уюмунун соодага көмөктөшүү стратегиясы» жөнүндө чечим;

«Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысын дайындоо» жөнүндө чечим.

Ошондой эле төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:

Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы эл аралык бириктирилген ташуулар жөнүндө макулдашуу;

Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы бажы коридорун жөнөкөйлөтүү боюнча макулдашуу;

Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин тиешелүү мекемелеринин ортосундагы персоналды башкаруунун санариптик системалары боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму жөнүндө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button