Коом

«Манас» аэропортуна барчу жолдо чачырап кеткен унаанын айдоочусу ооруканада

«Манас» аэропортуна барчу жолдо чачырап кеткен унаанын айдоочусу ооруканага кайрылды. 

Маалыматка караганда, кырсык 13-ноябрда саат 08:00 чамасында катталган. Түштүктөн түндүктү көздөй бара жаткан Хонда Фит үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 23-чакырымында рулга ээ боло албай, жол бөлүп турган тосмону сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 1991-жылы туулган жаран Сокулук аймактык ооруканасына кайрылган.

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары Бишкек-Манас аэропорту унаа жолунда жол кырсыгы катталганын билдиришип, видео менен бөлүшүшкөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button