Коом
Кыргызстанда доллар менен евронун курсу кескин жогорулады
Кыргызстанда доллар менен евронун курсу кескин жогорулап кетти.
Ушу тапта банктардын баары долларды 85,5 сомдон сатууда (эртең менен 84.5 сом болчу).
Евро да болжол менен бир сомго кымбаттады. Бир катар банктар доллар сатууга чектөө киргизди (айрым банктарда 200 доллардан өйдө сатылбай калды).
Акча алмаштыруучу жайларда доллар сырттагы такталарда көрсөтүлгөн баадан 1-2 сомго кымбат сатылып жатат.



