Өлгөн кыз мүрзөгө көмөөрдүн алдында жумулган көзүн шарт ачып, кыймылдай баштаган

Өлүп калган 12 жаштагы кызды ата-энеси мүрзөгө коймокчу болушуп жууп аткан мезгилде, анын жүрөгү кайрадан сого баштаган, деп жазат Daily Mail басылмасы.
Индонезияда болуп өткөн бул таң калычтуу окуя баары бир кейиштүү аяктаган. Диабетке байланышкан кабылдоодон кийин, кыз бала Проболинго шаарынын ооруканасында көз жумган. Бир саат өтпөй ата-энеси чүрпөсүн көмүү үчүн алып кетишкен.
«Аны жууй баштаганда денеси күтүүсүздөн жылуу болуп кетти, — дейт кыздын атасы. –Жумулган көзү күтүүсүздөн шарт ачылды. Жүрөгү кайра сого баштаганын туйдук. Ал кыймылдай баштады».
Ата-энеси тез жардамды чакырышып, келген медиктер кыз баланы кислород аппаратынын жардамы менен реанимациялоого аракеттенишкен. Бирок алардын аракетинен натыйжа чыккан эмес. Дагы тир саат өтпөй медиктер кыз баланын өлүмүн бышыкташкан.
Кызды кайрадан жууп, көмүшкөн. Полиция бул окуя боюнча териштирүү ишин баштады.



