Коом
Кызыл-Кыя шаарында “Камкордук” алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү

Кызыл-Кыя ШИИБдин балдар менен иштөө инспекциясынын инспекторлору кароосуз жана көзөмөлсүз калган жаш балдарды аныктоо максатында “Камкордук” аталыштагы алдын алуу иш-чарасын өткөрдү.
Милиция кызматкерлери Кызыл-Кыя шаар аймагында жайгашкан “Таштемир-Ажы” борбордук базарын, балдар топтолуучу жайларды жана темир жол бекеттерин текшерүүгө алды. Балдар арасында кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу, түшүндүрүү иштери алып барылды.
Ал эми иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 102-беренесинин негизинде 5 ата-энеге протоколдор толтурулуп, айып пулдар салынды.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы



