Окуялар

УКМК: Тажикстанга тоок этин мыйзамсыз алып бара жаткан айдоочу кармалды

2022-жылдын 24-октябрында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча Лейлек районунун Арка айылынын чек ара тилкесинде филе түрүндөгү аткезчилик жүктөрдү ташуу максатында Лейлек районунун Достук айылынын тургуну 1989-жылы туулган Х.Ж.Б. аттуу КР жараны 08KG 849ACN мамлкет номерлүү «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаа менен кармалды.

Тактап айтканда, УКМКнын кызматкерлеринин транспортту токтотуу талабына баш ийбей, «Худжент-Арка» унаа жолуна чыгып, андан соң контрабандалык жүктү сатуу максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, Тажикстан Республикасын көздөй бет алган.

Бул факты боюнча КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, 2022-жылдын 15-ноябрында Ж.Х. эки суткага Баткен районунун ИИБ убактылуу кармоочу жайына камалды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button