Old Bishkek долбоору боюнча техникалык мыйзам бузуулар аныкталды — министрлик чара көрүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Old Bishkek долбоорунун алкагында бир катар техникалык талаптар бузулганын билдирди. Бул тууралуу ал «Элден собол» берүүсүндө билдирди.
Министрдин айтымында, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда жүргүзүлгөн акыркы текшерүүдө олуттуу кемчиликтер табылып, алар боюнча тиешелүү тапшырмалар берилген.
«Бардык тапшырмалар мөөнөтүндө аткарылат. Текшерүү бир катар техникалык бузууларды көрсөттү, алардын ар бири боюнча иштер башталды», — деди Орунтаев.
Инспекциянын чечими менен Чүй проспектисиндеги айдоо бөлүгү кеңейтилери, ал эми жол боюна курулган жаңы имараттын үчүнчү кабаты бузуларын министрлик тактады.
Учурда бузууларды жоюу боюнча иштер улантылып жатат.
Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Чүй проспектисинин жабык бөлүгүн барып көрүп, долбоор ишке ашырылып жаткан аймактагы жолдогу «кармашкаларды» алып салуу, имараттын үчүнчү кабатын бузуу жана курулушту баштапкы долбоорго шайкеш келтирүү тапшырмаларын берген. Ошондой эле тиешелүү мекемелерге долбоордун аткарылышын күчөтүлгөн тартипте көзөмөлгө алууну милдеттендирген.



