Саясат

Кыргызстан менен Казакстандын президенттери телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргызстан менен Казакстандын президенттери Садыр Жапаров жана Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 6-декабрда телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Касым-Жомарт Токаев жылуу баарлашууда Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, бекем ден соолук жана боордош кыргыз элинин жыргалчылыгы үчүн жооптуу мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле, сүйлөшүүдө 9-декабрда Бишкекте өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button