Окуялар
Министрликтин кызматкери жер ченегени баратып кырсыктан көз жумду

Кырсык 20-декабрда Кантта болгон. Чүйдүн жол милициясынын маалыматында Volkswagen Golf унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай маңдайда келе жаткан КамАЗ менен кагышкан. Натыйжада жеңил унаадагы 46 жана 23 жаштагы эки адам мүрт кетип, айдоочу ооруканага жеткирилген.
«Turmush» басылмасы кырсыктан Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин жаш кызматкери көз жумганын жазды. 23 жаштагы кыз жер ээси экөө жер ченегени такси менен баратып кырсыкташканы айтылды.
@abal-kg


