НЕКРОЛОГ. Чотонов Мамашарип Мамытович

Кыргызстандын маданият жана билим берүүтармагы орду толгус жоготууга учурады.
2022-жылдын 8-декабрында Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Чотонов Мамашарип Мамытович оорудан улам 54 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Чотонов Мамашарип Мамытович 1968-жылы 9-апрелде Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айылында туулган.
1986–1988-жылдары Советтик Армиянынкатарында кызмат өтөгөн. Мамашарип Чотонов 1992-жылы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттикискусство институтунун маданий-агартуу иштерифакультетинин “Маданий-агартуу иштерининуюштуруучу-методисти” адистигин, 2000-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин “Финансы жана кредит” адистигин, ал эми 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштерминистрлигине караштуу Дипломатиялыкакадемиянын “Эл аралык мамилелер” адистигин аяктаган.
Эмгек жолун 1992-жылы Т. Сатылгановатындагы Кыргыз улуттук филармониясынынадминистратору болуп баштаган.
1993–1994-жылдары аталган мекемеде режиссёрдунжардамчысы кызматында иштеген. 1992-жылы филармониядагы иши менен айкалыштырып, “Руханият” эл аралык ассоциациясынын менеджери, 1993-жылы аткаруучу директору болуп иштеген, 1994-жылы аталган ассоциациянын вице-президенттигинедайындалган. 1996-жылы “Дастан-Ю” жоопкерчилигичектелген коомун түзүп, 1999-жылы аталганишкананын башкы директору, 2001–2004-жылдары “Жакшылык кредит” фирмасынын директору болупэмгектенген.
2005-жылы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргызмамлекеттик маданият жана искусство университетинин социалдык-маданий ишмердиккафедрасына окутуучу болуп кабыл алынган. 2008-жылы аталган кафедранын улук окутуучусу болупиштей баштаган.
2012-жылы ошол эле окуу жайдын оркестр жанахор дирижерлугу факультетинин деканы кызматынадайындалган. 2011–2012-жылдары аталган кызматменен айкалыштырып, Жусуп Баласагын атындагыКыргыз улуттук университетинин экономика жанафинансы факультетинде, 2012–2014-жылдары Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин экономика жанабашкаруу факультетинде окутуучулук кесипти аркалаган.
2014-жылдан тартып өмүрүнүн аягына чейин Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору кызматында эмгектенип келди.
2011-жылы экономика илимдеринин кандидаты илимий наамы жана экономика адистиги боюнча доцент окумуштуулук наамы ыйгарылган. 2015-жылы Россия Федерациясынын Табигый илимдеракадемиясы тарабынан профессор окумуштуулук наамы, 2020-жылы ушул эле академиянын мүчө-корреспонденти наамы, 2019-жылы КыргызРеспубликасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы тарабынан экономика илимдеринин доктору илимий наамы ыйгарылган.
Чотонов Мамашарип Мамытович педагогикалык ишмердиги менен бирге илимий иштерге да жигердүү аралашып, маданият жана башкаруу чөйрөсүндөгү экономикалык көйгөйлөргө, кырдаалдарга арналган макалалары жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялап келген. 2012-жылы “Экономика социально-культурной сферы”, “Менеджмент в социально-культурной сфере” аттууэки окуу китеби басмадан чыгып, КыргызРеспубликасынын Билим берүү жана илимминистрлигинин чечими менен жогорку окуужайларында окутуу үчүн киргизилген.
Билим берүү тармагына кошкон салымы бааланып, бир катар мамлекеттик органдардын ардак грамоталары, маданияттын, билим берүүнүн жана экономиканын отличниги сыйлыктары тапшырылган.
Мамашарип Мамытович Чотоновдун жаркын элеси дайыма жүрөгүбүздө сакталат.
Маркумдун бир туугандарына, жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөбүз.
С.Н. Жапаров, Н.Т. Шакиев, А.У. Жапаров, З.К. Базарбеков, С.С. Касмамбетов, Э.Ж. Байсалов, А.Дж. Джунушалиев,
А.А. Максутов, У.Э. Мамбетакунов, С.А. Раев Д.Т. Орунбеков, К.О.Иманалиев, Т.Т. Казаков, М.А. Бегалиев, Г. Садыбакасова,
Т. Мамеев, Л. Сагынбаев, К. Конкобаев, К. Абдиев, Ж. Жамшитов,
К. Осмонов, М. Ааматов, О. Ибраимов, А.Мамытов, И. Аманбаев, Д. Чотонов, Э. Токтошев, К.Токтосатаров ж.б.



