
“Мамлекет тарабынан келиндин карызын караштырып, ырайымдуулук көрсөтүп берсеңиздер… Бизде ар дайым аял кишини сыйлап келишкен, адашпаган адам жок”, — деди Тазабек Икрамов.
Кечээ интернетте «Дордойдо» иштеп жүрүп пайызга алган акчасын бере албай калган келиндин окуясы кызуу талкуу жараткан.
Адвокат Замир Жоошев келин 15-февралда СИЗОдо уул төрөгөнүн, аны үйүндө жолдошу менен алты баласы бар экенин жазган.
Өткөн жылдын декабрь айында Свердлов райондук соту аталган жаранды 6 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Жактоочу тарап бул чечимге нааразы болуп шаардык сотко кайрылган.
Белгилей кетчү жагдай, интернет айдыңында камалган келин 300 000 АКШ долларын карызга алып бербей жүргөндүгү байма-бай айтылууда.



