Коом

Бишкекте Чоң Чүй каналынын 700 метр бөлүгү тазаланды

Бишкек шаарындагы Чыгыш Чоң Чүй каналынын 7-Апрель көчөсүнөн Мавлянов көчөсүнө чейинки бөлүгү таштандыдан тазаланууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Муниципалитеттин маалыматына караганда, каналдын нугу жыл сайын жаз жана күз мезгилдеринде таштандыдан жана камыштан тазаланат. Учурда тазаланган тилкенин узундугу 700 метрди түздү.

Иштер каналдар менен дарыялардын тазалыгын сактоо жана сугат суусунун үзгүлтүксүз берилишин камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күнгө карата Бишкек шаарындагы коллектордук тармактар менен каналдарды тазалоонун жалпы көлөмү 322 чакырымга жетти. Тазалоо иштери жыл аягына чейин улантылат.

Тектеш кабарлар

Back to top button