Коом

Кыргызстандын алты аймагында студенттердин күзгү чуркоосу өттү

24-октябрда Бишкек, Ош, Баткен, Нарын, Талас шаарларында жана Ысык-Көлдө жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын студенттери арасында күзгү жеңил атлетикалык чуркоо уюштурулду. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги билдирди.

Иш-чара «Жаратман муун» улуттук долбоорунун алкагында жана «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» доктринасына ылайык өткөрүлдү.

Чуркоого өлкө боюнча 5 миңге жакын студент катышты. Ош шаарындагы иш-чарага Ош жана Манас шаарларындагы жогорку окуу жайлардын студенттери да кошулду.

Иш-чаранын негизги максаты — жаштар арасында сергек жашоо образын жайылтуу, массалык спортту өнүктүрүү жана физикалык активдүүлүктү жогорулатуу.

Уюштуруучулардын айтымында, чуркоо жаштарды ден соолукту чыңдоого, биримдикке жана жаңы жетишкендиктерге умтулууга үндөдү. Катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн укук коргоо кызматкерлери коштоп, медициналык жардам көрсөтүү уюштурулду.

Тектеш кабарлар

Back to top button