
Бүгүн парламентте өкмөттү отставкага кетирүү боюнча “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын сунушу каралды. Анда депутат Мейкинбек Абдалиев мындай пикирин билдирди:
“Чынын айтайын мурда Акылбек Жапаровду ушунчалык жаман көрчүмүн. Себеби ал Кыргызстанда канча президент болсо баары менен иштешкен да. Азыр жасап жаткан иштерин көрүп, ынандым. Экономист катары күчтүү адам экен, президеттер жөндөн-жөн чакырып иштешкен эмес турбайбы. Бир жаман пейлибиз бар, министрби, өкмөт башчы болобу бир аз иштегенден кийин эле кетире баштайбыз. Анан ким иштейт? Эгемендүүлүк алган жылдары канча премьер-министр алмашты”, — деди Абдалиев.
Депутат Акылбек Жапаровдун иштешине мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды.



