Коом

Адахан Мадумаров партиялаштарынын тагдырына неге кайдыгер?

Адахан Мадумаровдун тарапташы Орозайым Нарматова Кемпир-Абад боюнча баш аламындыкка шектелип камакка алынган. Андан бери канча убакыт ɵтсɵ да «Бүтүн Кыргызстандын» лидери Адахан Мадумаров  партиялашы Нарматованын кармалышы боюнча «ак же кɵк деп» парламенттик трибунада бир ооз пикирин айтканга жараган жок. Чыныгы лидер болсо, партиялашына, ɵзүн Мадумаров үчүн курмандыкка чалып, социалдык тармактарга жан үрөп коргогон   Орозайым Нарматованы коргоп чыгып, бир пикирин айтып  коюш керек эле.

Мадумаровго партиянын мүчɵсү Эмиль Жайчиев бир нече жолу О.Нарматовага колдоо кɵрсɵтүү сунушу менен кайрылып, макул деген жооп алат, бирок, эч кандай иш жасалбайт. “Бүтүнчүлɵр” Кудайындай кɵрүп колдогон Мадумаров башка саясий интригалар менен алектенип, бошобой жатса керек. ϴтүнүч, сунушунан майнап чыкпаган Жайчиев Мадумаровго таарынып, ɵзүнүн иштерин жасап жүрɵт.

Адахан Мадумаровдун бирɵɵгɵ жардам бериптир, колдоо кылыптыр дегенин уккан киши болбосо керек. Шайлоочуларына дагы кызыл тили менен гана  ишендирип «иш кылып» жүрɵт. Анда дагы шайлоодо добуш алуу үчүн гана кооз сүйлөйт. Мадумаров үчүн партиялаштарынын, тарапташтарынын тагдыры бир тыйынга арзыбайбы деген сөздөр айтылууда. Буга Орозайым Нарматовага болгон мамилеси далил болду. Эң жɵнɵкɵй мырзалык сапаты жок Адахан Мадумаров кантип Президент болом деп талапкерлигин койду экен. Депутат болуп туруп партиялаштарынын тагдырын ойлобосо, элдин тагдырын кантип ойломок… 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button