ВИДЕО: Ысык-Көл районунда милициянын Аяз ата жана кар кызы көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарын куттукташты

Жаңы жылдын алдында Ысык-Көл РИИБдин кызматкерлери көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарына жыл сайын өткөрүлүүчү «Милициянын Аяз атасы» облустук акциясынын алкагында жаңы жылдык жомок тартуулашты.
Бул жолку Аяз ата менен кар кыздын күтүүсүз сапары, жаӊы жыл майрам күндөрү алдында өзгөчө көңүлдү, эңсеген каалоолорду жана кышкы сыйкырды күткөн балдар үчүн өтө керемет болду. Милициянын Аяз ата жана кар кызы ар бир бала менен баарлашып, келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, окуусуна ийгилик каалап, албетте белектерди тапшырышты. Бөбөктөр жана өспүрүмдөр чындап бактылуу болушту.
Ысык-Көл РИИБдин балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору жылдын эң сыйкырдуу майрамынын алдында кесиптештеринен кайдыгер калбоо жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарына белектерди чогултууга катышуу үчүн чакырык жолдошкон. Райондун бардык милиция кызматкерлери чакырыкка жооп берип, балдар үчүн майрам уюштурууга өз салымын кошушту.
Ата — энелердин кубанычтуу көздөрү, балдардын чын жүрөктөн чыккан күлкүсү жана кубанычы, оюнчуктарды, китептерди, боекторду жана албетте көптөгөн таттууларды чогулткан райондук милиция кызматкерлери үчүн эң чоӊ сыйлык болду, — деп билдирди Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматынан.



