ИИМ: Улан Ниязбеков Чаткал районунун жашоочулары менен жолугушту

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө жана жарандардын турмуш-тиричилигине байланышкан маселелеринен кабар алуу жана аны чечүү тапшырмасын аткаруу үчүн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Ички иштер министри Улан Ниязбеков, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Чаткал районунун эли менен жолугушууда.
Жолугушууга Жалал-Абад облусунун жана Чаткал районунун тиешелүү жетекчилери, жергиликтүү тургундардан 150дөй адам катышууда. Аталган жолугушууга Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаев да катышууда.

Бүгүнкү жолугушуу учурунда Чаткал районунун тургундары өздөрүнүн Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрүнүн ишмердүүлүгүнө байланышкан нааразычылыктарын айтышып, тергөө учурунда калыстыктан тайып, экинчи тарапка жан тарткан учурлары байкалып жатканын, тергөө кызматы эч кимге тартпай акыйкат иш жүргүзүшү керектигин көзөмөлгө алууну жана тергелип жаткан иштерди Улан Ниязбековдон мыйзам чегинде чечип берүүсүн суранышты. Мыйзам баарына бирдей болуш керек дешти жергиликтүү тургундар.

Аталган жолугушууда Борбордон келген чоң жетекчилер менен бир катар маселелер талкууга алынды. Жарандар: “Чаткал районуна санавиация керек, мисалы кечээги жол кырсыкта жабыркаган бир нече адам оор абалда жатат, айылда да дээрлик маданият үйлөрү жок, ошолорду кайра куруп же калыбына келтирүү керек, мадият үйү жок, же спортттук залдар жок жаш балдар көчөдө жүрөт, жаштарга жакшы шарттарды түзүп бериңиздер жайыт жерлерибиз талашка түшүп жатат, жергиликтүү бийлик чече албай жатат, көчкү түшкөн айылдарыбыз көп чыгым тартты, жерибиз бар го, бирок турак жай салганга арзан баада ипотеканы уюштуруп берсеңиздер, райондук ооруканада узи жетишпейт, жергилктүү тургундар жетиштүү медициналык жардам ала албайбыз, биз ага муктажбыз, алсак. Курулуш деген айылда таза суу жок, бала бакча жок, анан биз кантип өнүгөбүз. Биз айткан суранган маселелердин баарын сөссүз чечип бериңиздер”,- деп суранышты.

Негизинен алганда, Чаткал районундагы жолугушуу элдин көйгөйүн жеринен угуп, жарандардын коопсуздугун, алардын жашоо турмушуна тиешелүү болгон бардык маселелерди жакындан угуп билип жана аны чечүүгө багытталгандыгын белгилейбиз, — деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматынан.



