Коом

Каракол ШИИБ боюнча ЖКККБнын кызматкерлери базарлардын аймагында «Парковка» аталышындагы рейди өткөрдү

Каракол шаарында мыйзамга баш ийбеген айдоочуларды аныктоого жана жол эрежелерин бузуулардын алдын алууга багытталган «Парковка» рейди өтүүдө.

Акыркы төрт күндө гана, башкача айтканда, 7-январдан 10-январга чейин профилактикалык иш-чаранын жүрүшүндө унааны токтотуу жана токтоп туруу эрежелерин бузгандыгы үчүн 102 айдоочу аныкталып, жоопко тартылды. Аларга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин 1-бөлүгүнө (Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу) ылайык протоколдор түзүлдү.

Каракол ШИИБ боюнча ЖКККБдан билдиргендей, көпчүлүк караколдуктар жана шаардын меймандары жол кыймылынын эрежелеринин талаптарына көңүл бурбай жатышат. Унаасын жол эрежесине туура эмес жерде токтотуп калтыруу, алардын көбү үчүн көнүмүш адатка айланууда. Мындан тышкары, айрым айдоочулар унааларын жолдун кесилиштерине, же башка туура эмес жерлерге токтоткондон улам, жолдордо жеке эле «тыгындарды» жаратпастан, жол кырсык коркунучтарын жаратышат.

Рейд учурунда милиция кызматкерлери профилактикалык маек куруп, кичи автобустардын жана жеңил унаалардын айдоочуларын жол эрежесин сактоого чакырышты. Мындай профилактикалык иш-чара Каракол шаарынын бардык аймактарында үзгүлтүксүз өткөрүлүп турмакчы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button