Коом

Мамлекеттик алкоагенттиги: Кыргызстандагы алкоөнөржайынын акциздик маркаларынан эң жогорку салык төлөнөт

Алкоголдук ичимдиктер боюнча мамлекеттик агенттиктин 2022-жылга карата ишмердүүлүгүн талдоо жана мониторинг жүргүзүү отчеттук мезгилинде алкоголдук продукциянын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүдө оң натыйжаларга жетишилгендигин көрсөтүп турат.  Бул Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк жылдарында алкоголдук өндүрүшкө акциз салыгы мамлекеттик бюджетке эң көп сумманы алууга мүмкүндүк берди  деп айтылат маалыматта.

Тактап айтканда, отчеттук мезгилде республикалык бюджетке 2 млрд 51,8 млн сом акциз (анын ичинде импорттук төлөм – 319,4 млн сом) түшсө, 2022-жылга мамлекеттик бюджеттин акциздик кирешесинин болжолу 1 млрд 140 млн 938 миң сомду түздү.

Белгилеп кетсек, алкоголдук өндүрүшкө акциз салыгынын көрсөтүлгөн суммасын алуу айрым алкоголдук ишканалардын алкоголдук рыногунда мыйзамсыз (монополиялык) абалды алып салуу алкагында мүмкүн болгон.

Ошентип, бардык алкоголдук продукцияны өндүрүүчүлөр үчүн бирдей рыноктук шарттар түзүлүп, 2021-жылга салыштырмалуу арак заводдору тарабынан акциздик салыкты төлөөнүн өсүү темпи 170%дан 512%га чейин түзүлдү.

АЛКОГОЛДУК ПРОДУКЦИЯЛАР БОЮНЧА АКЦИЗ САЛЫГЫН ТӨЛӨӨ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ



2013-2022-ЖЫЛДАР АРАЛЫГЫНДА  АРАК ЖАНА АЛКОГОЛДУК ИЧИМДИК ӨНДҮРҮҮНҮН КӨЛӨМҮ

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button