Коом

Кыргызстандын ИИМдин ЖКККББнын өкүлдөрү Москвада өткөн илимий-практикалык конференцияга катышты

Өткөн жумада Москва шаарындагы Россиянын ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугу илимий борборунун 50 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Ага Кыргыз Республикасынын, Азербайжандын, Армениянын, Беларустун, Тажикстандын, Өзбекстандын 150дөн ашык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлери, дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун, аткаруу бийлигинин федералдык органдарынын, билим берүү, илимий жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн турган делегаттар катышты.
Адистер эксперттик аудиторияга илимий иштеп чыгууларын тартуулашып, практикалык тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Андан сырткары, 2030-жылга чейин бул чөйрөдөгү мамлекеттер аралык саясаттын негизги багыттары менен 2036-жылга чейинки алдыда аткарыла турган натыйжалуу иштерди талкуулашты. Өзгөчө көңүл балдардын жолдогу коопсуздугуна бурулду.
Ошондой эле, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын делегациясы Россия Федерациясынын ИИМнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо илимий борборуна барышты.


Тажрыйба алмашуунун алкагында борбордун алдыңкы адистери чет элдик конокторду өз бөлүмүнүн ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары менен тааныштырышты. Жолдордо коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы алдыңкы жетишкендиктер менен бөлүшүшүп, жол кыймылын көзөмөлдөө жана укук бузууларды аныктоо үчүн колдонулган заманбап техникалык каражаттарды көрсөтүштү.
Андан соң делегация Россиянын ИИМнин Мамлекеттик автоинспекциясынын жана Москва Өкмөтүнүн жол кыймылын уюштуруу борборунун иши менен таанышты. Ошондой эле, алар Мамлекеттик автоинспекциянын музейине барып, Россиядагы жол полициясынын тарыхы жана өнүгүшү жөнүндө маалымат алышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button