Коом

Кара-Балтада 7 жаштагы кыз ачкалыктан улам каза болду

Кара-Балтада 7 жаштагы кыз аз тамактануудан улам арыктап каза болду. Бул тууралуу Жайыл райондук жалпы дарыгердик практика борборунун директору Айнура Имашева билдирди.

Анын айтымында, кыз ооруканага 14-январда түшкөн.

«Кыз чарчоо жана суусуздануу менен дароо жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Анын абалы өтө оор болчу. Дарыгерлердин айтымында, кыздын атасы балдарды карабайт, апасы Россияда», — деди башкы дарыгер.

Ал кыз жети жашта экенине карабай салмагы 12 кг гана болгонун белгиледи. «Биздин дарыгерлер колунан келгенин жасашты, бирок кыз 15-январь күнү эрте менен каза болуп калды», — деди ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button