УКМК «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү жашаган даректе тинтүү иштерин жүргүздү

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдирди.
Маалымата айтылгандай, эстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө КР УКМК тарабынан «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун туруктуу экстремисттик ячейкасы аныкталып, алар “Zanqi” жана “Telegram” социалдык тармактары аркылуу өз катарына жаңы тарапкерлерди тартуу менен алектенип, үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүп турушкан.
КР Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун активдүү мүчөлөрү жашаган 10 жерде санкцияланган тинтүү иштери жүргүзүлгөн.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында тыюу салынган экстремисттик мүнөздөгү адабияттар жана буюмдар (китептер — 85, телефондор — 9, журналдар — 12, ноутбук — 1, флешкарталар — 5) табылган. Алынган буюмдар Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматына дин таануу экспертизасына жөнөтүлдү.
Экспертизанын жыйынтыгы менен кылмыш иши боюнча соттолуучуларга карата Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.



