Коом
Нурлан Өмүркул уулу кайрадан Бишкек ЖЭБине жетекчи болду

Бишкек шаардык жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) Нурлан Өмүркул уулу кайрадан жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу агенттикке «Электр станциялар» ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Эске сала кетсек, Нурлан Өмүркул уулу 2018-жылы 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болгон учурда мекемени жетектеп турган болчу. Окуядан кийин ал кызматтан четтетилген.
ЖЭБди 2018-жылдан тарта Андрей Варапаев башкарып келген.



