Коом

Журналист Ильич Кулназаров: Талгарбековдун тайкы акылына эч ким таңкыс эмес!!!

Журналист Ильич Кулназаров Талгарбеков тууралуу жеке пикирин билдирди.

Акылбек Жапаров алды менен мурдагы финансы министри катары, экономика министри катары да жалпыга жакшы таанымал. Бул эки тармак ага эң жакын, экөөнү тең тереңинен мыкты билет. Азыр мындай адамды издеп таба албайсың. Бүгүн өлкөдө бул кишинин деңгээлиндеги экономистти табышыбыз кыйын, практикалык терең билими бар, аны ал экономикада, стратегиялоодо, аймактарды өнүктүрүүдө, финансыда, мамлекеттик карыз жана социалдык өнүктүрүү сыяктуу практикада билгичтик менен колдонуп жатат.

Бүгүн элибиз өлкө президенти Садыр Жапаров Акылбек Усенбековичти Министрлер Кабинетинин жетекчиси кылып дайындоо менен эң туура тандоо жасагандыгын көрүп жатат.

Жаралган геосаясий кыйынчылыктарга карабастан, бул жылдын жыйынтыгы мамлекеттик бюджет жана аны толтуруу жагында эле эмес, экономикалык өсүштөр, инвестициялар, өнөр жайыбыз, качандыр бир кезде талкаланган айыл чарбасы болуп көрбөгөндөй өсүштөрдү берди, акыркы эки жылда баары иретке келтириле баштады.

Кирешенин болуп көрбөгөндөй кескин өсүшүнүн аркасында, биз КР УКМК Чек ара кызматы үчүн курал-жарактарды, техникаларды сатып алууга жетиштик. Талгарбеков сынга алып жаткан кирешенин өсүштөрүнүн аркасында УКМК кызматкерлери үчүн имараттар жана турак-жайлар салынып, айлыктар, анын ичинде бюджетте иштегендердин бардыгынын айлыктары көтөрүлүп жатат, же бул жалганбы?!

2026-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруу жана антикризистик мүнөздөгү чаралар өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтырууга жана келечекке резерв түптөөгө мүмкүндүк берди. А.У. Жапаров жетектеген Министрлер Кабинетинин аракеттеринин аркасында экономикадагы өсүш 7 пайызды түздү, ИДПга карата карыздын деңгээли төмөндөдү, консолидацияланган бюджет 400 млрд сомдон ашты. Кийинки жылы Министрлер Кабинетинде мындан да кем эмес, ашса ашып түшө турган амбициялуу пландар бар, 503 млрд – консолидацияланган бюджет, 1 трлн – ИДП, салыктык кирешелердин өсүшү.

Талгарбековдун тушунда экономикада, «ал» талкалаган айыл чарбасында да мындай болгонун таптакыр эстей албайбыз, тагыраагы, эч качан болгон эмес жана болбойт дагы, анткени анын ыры эчак эле ырдалып бүткөн, ал жөн эле атып түшүрүлгөн учкуч эмес, а саясий өлүк, мындайлардан бир гана ит өлгөн сасык жыт чыгып, калгандардын жашоосун бузуп турат.

Айыл чарбасын талкалаган реформасынын кесепеттерин биз азыркыга чейин тартып жатабыз. Бир кезде ал кырып кеткен 15 миллион баш малды дагы деле калыбына келтире албай келебиз, экспортко эң сонун чыгуучу сүт-товардык фермалар иштебей калган, күтүрөгөн мал чарбасы жоголду, ирригациялык системалардын баары бузулган. Кайрадан айыл чарба өндүрүүчүлөрүн кооперативдерге чогултуу зарыл болуп турат, мунун баары анын реформасынын тушунда майда товардык майнапсыз өндүрүшкө айланып кеткен.

Анын тушунда 1,2 млрд сомдон ашык акча уурдалып, максатсыз пайдаланылган. Каражаттын 90 пайыздан ашыгы кайтарылган эмес.

Товарлардын, азык-түлүктүн кымбаттап кеткенине даттанып, сындап отурат. Бирок, чынында биздин азык-түлүк коопсуздугубузду толугу менен жок кылган ушул киши. Анын кесепетинен бизде дээрлик ошол эле эттин, айыл чарба чийки заттарынын баасы кымбат болууда. Бул үчүн аны “мекенге чыккынчы” деп кесе айтса болот.

Баалар бир эле Кыргызстанда эмес, бүт дүйнө жүзүндө кымбаттады. Тескерисинче А.У. Жапаров жетектеген Министрлер Кабинети алдын ала көрөгөчтүк менен алып барган камдуу иш-аракеттеринин аркасында бааларды ооздуктоого мүмкүн болууда. Мисалы, Россиянын өзүндө өндүрүлгөн өсүмдүк майы бизде аларга караганда аз да баасы ылдый болуп чыкты. КНСти нөлгө түшүргөндүктөн, ун жана нан ЕАЭС өлкөлөрүнө салыштырмалуу бизде бир топ арзан. 2022-жылы ЕАЭСте күйүүчү-майлоочу материалдардын (бензиндин) баасы бизде эң төмөн болду.

Өнөр жайы, кызмат көрсөтүү, мейманкана жана ресторан чөйрөсү, тоо кен өнөр жайы сыяктуу секторлордо активдүү жана турууктуу өсүштөр катталууда.

Эски адатын койбогон Талгарбековдун дагы “бийлик алмаштырам” деген бирин мактап, бирин жамандаган баягы чабыштырма ит ооруусу кармап калыптыр. Тилекке каршы, түрмөдө жаткан убакыт аны кымындай да оңдобоптур, дагы деле эсине келтирбептир.

Талгарбековдун тайкы акылына эч ким муктаж эмес.

Өзүн билерман сезген “байкуш реформаторчу” андан көрө неберелерин карап, келиндин колунан ысык чай ичип, А.У. Жапаровдун Министрлер Кабинети төлөп берип жаткан пенсиясын алып, тынч эле жата бербейби дегиң келет”,- деп жазды Кулназаров.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button