Пайдалуу кеңештер

Организмди акырындык менен жабыркатуучу продукциялар

Айрым кадимки колдонулган азыктар ашыкча керектелсе, организмди акырындап жабыркатышы мүмкүн. Бул тууралуу гастроэнтеролог дарыгер Наталья Слюняева билдирди.

Анын айтымында, биринчи коркунучтуу булак — кант жана таттуулар. Алар инсулиндин деңгээлин тез жогорулатып, өнөкөт сезгенүүгө алып келет жана боордун семиришин шарттайт. Ошондой эле кайра иштетилген эт азыктары — колбаса жана ветчина да зыяндуу. Алардын курамындагы нитриттер жана консерванттар ичегиге зыян келтирип, онкологиялык оорулардын коркунучун жогорулатат.

Дарыгер маргарин жана өндүрүштүк бышырылган азыктарды да кооптуу деп эсептейт. Себеби алардын курамында кан тамырларга жана зат алмашууга терс таасир эткен трансмайлар бар. Мындан тышкары, пакеттеги ширелер да зыяндуу болушу мүмкүн — аларда клетчатка жок, бирок кант көп болгондуктан, боордун май басышына (гепатоз) алып келиши мүмкүн.

«Айрым азыктар жай, бирок туруктуу түрдө ден соолукту начарлатышы мүмкүн», — деп белгиледи Слюняева.

Ошондой эле дарыгер алкоголдун зыяндуулугун эске салды. Ал организмде сезгенүүнү күчөтүп, боорду жабыркатат жана рак ооруларынын коркунучун жогорулатат.

Зыянды азайтуу үчүн адис ченемдүүлүктү сактоону, мүмкүн болушунча мындай азыктарды азайтып, аларды пайдалуу тамак-аш менен айкалыштырып колдонууга чакырды.

Тектеш кабарлар

Back to top button