Коом
Баткендеги жаңы курулган үйлөр четинен тапшырылууда

Баткен облусунда жабыркаган үйлөрдүн курулушу кызуу жүрүүдө. Бүгүн, 18-январда 30 үй колдонууга берилди, жалпы 45 үй толук бүткөрүлгөн. Бул тууралуу Президенттик аппараттын Басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев курулушу аяктан үйлөрдүн ээлерине Президент Садыр Жапаровдун атынан 100 миң сомдон тапшырды.
Калган үйлөрдүн алды аяктоо алдында, бүтө электеринин 80-90% жумуштары аткарылган.
Турак жайлардын жумуштарын мартта толук бүткөрүп, ээлерине өткөрүү тапшырмасы коюлду.
Алдыңкы 10 күн ичинде дагы 30га жакын үйдүн курулушу аягына чыгат, — деп айтылат маалыматта.





