Ысык-Көлдө 3 килограммдан ашык баңги заты менен бир жаран кармалды — ФОТО

КР ИИМдин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча баӊгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлерине Жети-Өгүз районунун тургундарынын бири үйүндө мыйзамсыз баӊги затын сактап жүрөрү жөнүндө маалымат түшкөн.
Аталган маалымат Жети-Өгүз РИИБдин КБРне катталып, тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин белгилери боюнча (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында райондук милициянын тергөө кызматы тарабынан баңги затын мыйзамсыз сактоодо жарандын ким экендигин аныктоо боюнча тергөө тапшырмалары берилген. Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча КР ИИМдин БЗМЖККБнын ыкчам кызматкерлери тарабынан шектүүнүн өздүгүн жана жашаган жерин аныктай алышты. Ал Кичи-Жаргылчак айылынын тургуну, 55 жаштагы О.М. болуп чыкты.
Жакында маалыматта көрсөтүлгөн жарандын жашаган жери боюнча санкцияланган тинтүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө кашардын полунун астынан 2 литрлик 3 даана айнек идиштер табылып, анда жапайы өскөн кара куурайдын өзгөчө жыты бар өсүмдүктөр болгон.
Алдын ала салмагын өлчө учурунда, айнек идиштер менен алынган заттын жалпы салмагы 3 кг. 285 гр. түздү
Учурда, соттук-химиялык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.



