Коом
Кыргызстандан пияз чыгарууга 3 айга тыюу салынды

Эми өлкөдөн пияз экспорттолбойт. 3 айга чейин пиязды сыртка сатпоо чечими кабыл алынды.Чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык маанидеги азык-түлүк продукцияларынын бааларын турукташтыруу максатында кабыл алынды.
Эске салсак, 18-январда бир килограмм пияздын баасы 46,9 сом болсо, 25-январда 54,9 сомго чыккан.



