Коом

Эң сонун ыңгайлуу шарты бар! Сокулукта социалдык-эмгек реабилитациялык борбору ачылды

Бүгүн Сокулук районунда мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн атайын социалдык – эмгек реаблитациялык борбордун ачылуу аземи болуп өттү.

Бул  борбор 2019-жылы пландаштырылып, ошондон бери курулуп келе жаткан экен. Мындай демилгени Кыргызстандагы  майыптар  коому жана уюмдарынын жетекчилери Калык Мамбетакунов, Шүкүрбек Кучкачов, Асипа Мусаева, Эрнист Мыктыбек уулунун аракети менен ишке ашканы айтылды.

Борбордун ачылышына Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров, Социалдык коргоо министри Кудайберген Базарбаев жана реабилитациялык борбордун курулушун каржылаган «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү катышты.

Министрлер кабинетинин башчысы  Акылбек Жапаров калктын социалдык жактан аяр катмарына жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга колдоо көрсөтүү, атап айтканда, жөлөкпулдардын жана социалдык төлөмдөрдүн өлчөмүнүн жогорулатылышы тууралуу айтып берди.

«Бул максатта республикалык бюджеттен бөлүнгөн жалпы сумма 15,8 млрд сомду түздү. Ошондой эле электр энергиясына болгон тарифтер да 50% төмөндөтүлүп, бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын камкорчулары мамлекет тарабынан өмүр бою камсыздоо алат. Бул багыттагы иштер улантылат. Эң негизгиси, алардын коомдо толук кандуу жашоосуна шарт түзүү», — деди Акылбек Жапаров.

Министрлер Кабинетинин башчысы ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бизнес долбоорлорун ишке ашыруу үчүн 100 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүү боюнча долбоорду белгиледи.

«2800дөн ашуун адамга 100 миң сомдон берилип, келечекте үй-бүлөгө киреше алып келе турган социалдык келишимдер түзүлдү. Мамлекет башчынын тапшырмасы боюнча бул долбоорго тартылган үй-бүлөлөрдүн саны 10 миңге чейин көбөйтүлөт», — деп белгиледи министрлер кабинетинин төрагасы.

Андан соң борбордун ачылыш аземи өттү. Министрлер кабинетинин башчысы реабилитациялык борбордун курулушун каржылаган «Ассанабил» кайрымдуулук фондуна ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, борбор 3 кабаттан турат, анда студенттер жана окуучулар үчүн окуу кабинеттери, тигүү жана жыгач устачылык цехи, майыптардын арабасын оңдоочу устакана бар. Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын ыңгайлуу жашоосу үчүн 16 батир каралган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button