Окуялар

Бишкекте эки «Mercedes-Benz Sprinter” унаасы толугу менен өрттөнүп кетти

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда эки «Mercedes-Benz Sprinter” унаасы толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

«Октябрь районуна караштуу Кара-Жыгач конушунун Кожояр көчөсүндө жайгашкан короодо турган эки “Mercedes-Benz Sprinter” үлгүсүндөгү унаалары толугу менен күйгөн жана өрт жыгач устундуу темир менен жабылган турак үйдүн чатырына өтүп, 8 чарчы ментр аянт өрттөнгөн», — деп билдиришти ӨКМдан.

Өрттөн жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button