Коом
Өзгөчө кырдаал министрлиги альпинист Наталья Наговицына дайынсыз жоголду деп билдирди

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандагы альпинисттик экспедиция маалында кырсыктаган россиялык альпинист Наталья Наговицынанын статусу “дайынсыз жоголгон” деп расмий түрдө белгиленгенин билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда анын тирүү экени же каза болгону боюнча так маалымат жок.
Издөө иштерине катуу шамал, жааган кар жана абанын кескин төмөн температурасы тоскоол болууда.
«Наговицынанын тирүү же каза болгонун тактоо мүмкүн эмес. Ошондуктан анын статусу автоматтык түрдө дайынсыз жоголгон деп эсептелет»,-деп айтылат ӨКМдин билдирүүсүндө.



